Спорт Жоламан Шаршенбеков күмүш байгеге ээ болду

Жоламан Шаршенбеков күмүш байгеге ээ болду

Кыргызстандын грек-рим күрөшүнүн балбаны Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпионунда күмүш байгеге ээ болду. Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун расмий сайты мелдештин жүрүшүн түз алып көрсөтүүдө.

Жоламан дүйнө чемпионатындагы мелдеште молдовалык Виктор Чобану менен күч сынашып 3:9 упай айырма менен жеңилип, күмүш байгеге ээ болду.

Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Кыргызстан 2 алтын 2 күмүш 2 коло алганга жетишти. Чемпионат эртең, 10-октябрда жыйынтыкталат.