Жер участогуна укуктарды күбөлөндүрүүчү документтер жөнөкөйлөштүрүлдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, анда жер участогуна укуктарды күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөө жана кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө жүргүзүү чөйрөсүндө физикалык жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүү процедуралары каралган. Ал эми тийиштүү чечимге Акылбек Жапаров кол койгон.
««Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жер участогуна укуктарды күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөө жана кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө жүргүзүү чөйрөсүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин аталган токтому Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларындагы мүчүлүштүктөрдү четтетүү максатында иштелип чыккан жана расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет», — деп жазылат маалыматта.
Коом Жер участогуна укуктарды күбөлөндүрүүчү документтер жөнөкөйлөштүрүлдү