Коом Жаштарга арналган «Экоадам» онлайн-марафону өтөт

Жаштарга арналган «Экоадам» онлайн-марафону өтөт

Ушул жылдын 25-октябрдан 31-октябрга чейин Кыргызстандын жаштары үчүн популярдуу: Instagram жана TikTok платформаларында «Экоадам» онлайн -марафону өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Онлайн-марафон жаңы медиа форматтары аркылуу коомчулуктун көңүлүн экологиялык маселелерге жана климаттын өзгөрүшүнө буруу үчүн өткөрүлөт.

«Instagram жана Tik-Tok социалдык тармактарынын ой жүгүртүүсүн жана жашоо образын климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштырууга даяр болгондор жаштар катышууга чакырылат. Онлайн-марафон төмөнкү темаларды камтыйт: Кыргыз Республикасындагы суу жана аба көйгөйлөрү, климаттын өзгөрүшү жана бизге тийгизген таасири, аң-сезимдүү керектөө, адамдар жана айлана-чөйрө«,-деди уюштуруучулар.

Бул иш-чараны экологиялык көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору тууралуу 3 жылдан ашуун убакыттан бери онлайн платформалар аркылуу айтып келе жаткан жана экосистеманы жакшыртуу үчүн ар кандай акцияларды үзгүлтүксүз өткөрүп келаткан жаш экоактивист жана медиа адиси Исмаил Карыпов уюштуруп жатат.

«Экомарафон толугу менен экологиялык көйгөйлөрдү чагылдыруу аркылуу ой жүгүртүүнү өзгөртүүгө жана кадимки жашоону өзгөртүүгө багытталган. Жеке тажрыйбамдан улам, көйгөйлөрдү чагылдыруу жана эко-адаттарды киргизүү менен жогорудагы көйгөйлөрдү чечүү жолуна түшөт деп айта алам», — дейт Исмаил Карыпов.

Онлайн марафондун башталышы жана толук маалыматты Исмаилдин профилинен алсаңыз болот: https://www.instagram.com/ismailkarypov/