Коом Жамиля Насирова: «Токтоткула сасыткы оюнуңарды, эл саясий силкинүүдөн тажап, тополоңго тойду, эсиңерге...

Жамиля Насирова: «Токтоткула сасыткы оюнуңарды, эл саясий силкинүүдөн тажап, тополоңго тойду, эсиңерге келгиле»

Кадырлуу эл- журт,техника сбой болмок түгүл кээде эки буту бар адам да сбой берет!

Эшиктеги жашоону карагылачы бир эле кыргыз кыйналбастан мүлдө дүйнө жүзү  атың өчкүр кара  дарт менен ооруп,  керек болсо экономикада да катуу сбой болуп турат.Азыр  фейсбуктан окуп калдым,  тили буудай кууруган Адахандын  Бактыбек, Али деген үкаси «Эртең БШКнын алдына чыгып, акция кылабыз» деп шымаланып турат.

Алардын чыкканынан эч ким коркпойт дечи, бирок араң  кыраркасы кыңкайып турган стабилдүүлүккө доо кетпесин,  айланайындар тополоңго кекиртектен тойдук, тынч, бейпил жашоого бет албайлыбы,  саясий экцесстердин азабынан мамлекет шалдырап араң турат.

«Жыгылган күрөшкө тойбойт» деген кеп бар , улгайганыңар да, жаштар да эсиңерге келгиле.

Өмүке жаманбы- жакшыбы 5-6 жолу депутат болдуң,  жаак чачың агарып пенсия курагына жеттиң, эми  «карт бөрүлөр» жаштарга орун бергиле!

Өмүрбек Чиркешович, сага караганда  Адахан Кимсанбаевич, алты жаш кичүү болсо да  ымандуу, сабыр-шапкаттуу экен,  БШКнын алдына барып  ызы-чуу салып,  жаң-жүң кеп салган жок.

Болбосо  Мадумаровдун добушун:2010, 2011, 2015, 2017-жылкы президенттик, парламенттик шайлоодо Алмазбек досуң экөөңөр жакшы эле «уурдап», ордуна өз партияңды апкелгеңиңди  элдин баары билет.

Баарын билип турса да, калктын арасындагы стабилдүүлүккө доо кетип калбасын деп, ачуусун ичине жутуп, сабырдуулугунан жазган жок!

Жок андай эмес мындай дечү  болсоң,  Өмүке,аны далилдеп берчү  аттуу-баштуу адамдардын  көзү али да тирүү!

Өмүке, Ысмайыл аке, Мелис үка, депмандатсыз да бизге окшоп жашасаңар болот да, силер бизге караганда төөчөлүк өйдө жашайсыңар, баарын билип- көрүп турасыңар, итке минген жакыр жашоону көрүп туруп, Текебаев оозу, мурду кыйшабай, «Дагы 600 млнду таап, шайлоо өткөрүп койсо  болот» дейт, ботом 600 млн көчөдө жатабы терип туруп шайлоо өткөргүдөй, Өмүке керт башыңдын кызыкчылыгы үчүн сен кыргызды садага чаап жибергенден  кайтпоочудай болуп турасың, бул жоругуң жолдо калсын!

Кызуу кандуулукка алдырган жаш балдарды тыйып койгондун оруна алардын оозуна  лапка май куюп, дүрт этип от чыксын  деген ниетиң куурап тилегиң катсын.

 Апрелдеги 86 баланын  шейит кеткени азбы, кечээ Үмүтбектин өлумү азбы, анан калса октябрда 500 ашык балдар ар кандай жараат алып,

 майып болуп ишке жарабай калды.

Токтоткула сасыткы оюнуңарды! Бюджеттин тартыштыгы 20 млрд  сом  болуп турганда, кайсы арыңарга  дагы кайра шайлоо кыласыңар?

Парламенттик шайлоо «капризный» оокат, азыр өтүп келген пропорционалдык-мажоритардык система  менен келген  жетинчи чакырылыштагылар деле бокчого каткан биртке акчасын чачып, эси ооп турат.

Талапкерлер пиар-кампанияга, телеге, радиого, сайтка, соцтармакта иштегендерге,  баннерге, рекламалык проспект -агиткага, календарга, гезиттик материалдарга, аймактарга чыгууга, агитаторлорду жалдап иштетүү  үчүн албетте чоң каражатты талап кылат.

Мына кол санак жүрүп жатат, «Бүтүн Кыргызстан» буйруса илинип калды.

Кичине сабырдуу болгула да!

Кипрден  Асылкан айым жазды.Шайлоочулары 110 миң экен, АСУ эсептегенден кийин кол санакка 3 күн берилет экен, а бизде 1 млн 300 миң шайлоочуга 1-2 күн суранышты чыдап койгула, кичине адамгерчиликтен тайбай  ОППОЗИЦИЯ өкүлдөрү  өкүрүп-бакыра бербей көтөрүмдүү болгула!

Жашоо оорлошуп турганда,  одураңдап элди көчөгө чыгарганды токтоткула, тынч жашайлычы, болуп өткөн беш шайлоо, элди биротоло алсыратып, чарчатып салды, саясий силкинүүлөрдөн тажадык, тополоңго тойдук, эл көчөгө чыкса эле кол жакада болуп калды.Өмүке, жаштык жериң калбады, 60 кара таштан ооп кеткенде,  өрт балдардын  өзөгүнө от жакпачы, оюндан от чыгып кетпесин, армансыз депутат болдуң ошого шүгүр келтир!