Коом Жамгыр жаайт. Шаршембиге карата аба ырайы

Жамгыр жаайт. Шаршембиге карата аба ырайы

Шаршемби күнү өлкөдө аба ырайы өзгөрүп турат, көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул туурасында Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +34…+36, Талас өрөөнүндө +29…+34, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +33…+38, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +27…+32 градус ысык болот.

Синоптиктер күндүн табы Бишкек шаарында +34…+36, Ошто +36…+38, Чолпон-Атада +27…+29 градуска чыгарын айтышты.