Саясат Жамалбек Ырсалиев Биринчи май районунун акими болуп дайындалды

Жамалбек Ырсалиев Биринчи май районунун акими болуп дайындалды

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун акими Максат Нусувалиев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Дагы бир буйрук менен аталган райондун акими болуп Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Жамалбек Ырсалиев дайындалды.

Тиешелүү буйруктарга мэр Айбек Жунушалиев кол койду.