Коом Жалал-Абаддын тургуну 39 жашында биринчи жолу паспорт алды

Жалал-Абаддын тургуну 39 жашында биринчи жолу паспорт алды

Жалал-Абаддын тургуну биринчи паспортун 39 жашында алган. Бул тууралуу “Справедливость” укук коргоо уюму билдирди.
Анын айтымында, арыз ээсинин 15 жаштагы кызына да туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилген.
«Кыргыз келин 2005-жылы турмушка чыккан. Аялдын паспорту жок болгондуктан жубайлар никесин расмий түрдө каттай алышкан эмес. 2006-жылы биринчи кызы, 2008-жылы экинчи кызы төрөлгөн. Ал төрөт үйүндө берилген биринчи кызынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн жоготуп алган. Ошол себептен кыз 9-класска чейин туулгандыгы тууралуу күбөлүксүз окуган.
Жолдошу кургак учук менен ооруган, 2017-жылы каза болгон. Үй-бүлөнүн бардык түйшүгү паспорту да жок аялдын морт ийинине түшкөн. Төрөт үйү кызынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн кайра берүүдөн баш тартты», - деп түшүндүрүштү уюм.
Анын директору Валентина Гриценконун айтымында, өлкөдө документи жок жарандар көп. Алардын айрымдары жыл бою юридикалык колдоо көрсөтүүгө аргасыз.
«Бир жерде алар күнөөлүү, бир жерде алардын ата-энелери жана көп учурларда документтерди берүүгө катышкан кызматкерлер тарабынан ар кандай бюрократиялык тоскоолдуктар болуп жатат», - деди ал.
Валентина Гриценко кошумчалагандай: паспорту же туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жок жарандардын абсолюттук басымдуу бөлүгү, эреже катары, калктын социалдык жактан аялуу катмарынан болгондугу кырдаалды курчутууда.

Автор: Алмазбекова Дефне