Жалал-Абад шаарындагы тергөө изоляторунда кармалып турган аялдардын жаза аткаруу кызматкерлери тарабынан укуктары бузулуп жатканы аныкталды. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү кабарлады.
Аталган борбордун бир нече өкүлү Жалал-Абаддагы №53 тергөө абагында болушкан. Жабык жайдагы бир нече аял аларды кармоо шарттарына карата нааразылыгын билдирген.
Аялдардын биринин айтымында, Ж.М аттуу кызматкер аны кысымга алып, интимдик жерлерине тийген, муну токтотууну сураганда, түрмө кызматкери «туткундарга так ушундай мамиле кылуу керек» деп орой түрдө сүйлөгөнүн айткан.
«Башка аялдар да Ж.М тарабынан кемсинип, физикалык күч колдонулуп, өзүн жаман сезгенине карабай оор көнүгүүлөрдү аткарууга мажбур экенин билдиришти. Кармалгандардын биринин айтымында, ал душка түшкөнү жатканда, эркек коштоочулардын алдында чечинүүгө мажбур болгон. Аялдарга жеке гигиена каражаттарын колдонууга тыюу салынат, убактылуу кармоо изолятордагы кызматкер аларга жеке буюмдарын берүү же бербөө керек экенин өздөрү чечишет», — деп билдирет Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун Жалал-Абад облусу боюнча өкүлчүлүгү.
Эксперттер ошондой эле изолятордун ашканасында тазалык сакталбаганын, кармалгандарга берилчү 80 грамм эттин ордуна 15 граммдан ашпаган эт берилип жатканын аныкташты. Буга кошумча ашпозчу санитардык китепсиз жумушка алынганы билинип, акт түзүшкөн.