Коом Жалал-Абадда чет элдик студенттерге милиция тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Жалал-Абадда чет элдик студенттерге милиция тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга карша аракеттенүү кызматынын (ЭММКАК) кызматкерлери чет элдик студенттер менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Жолугушуу учурунда Афганистанда болуп жаткан окуялар, ага байланыштуу социалдык тармактарда тараган туура эмес маалыматтарды жайылтпоо зарылдыгы белгиленди. Диний-экстремисттик маанидеги чакырыктарды, тыюу салынган диний агымдардын иш-аракеттерин билбестиктен бөлүшүп алуудан сак болуу керектиги эскертилди.

ЭММКАК кызматкерлери чет элдик студенттерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын үйрөнүүгө жана мыйзамдуулуктуу сактоого чакырышты. Облус аймагында кайсы өлкөнүн жараны болбосун тутунган динине, расасына, улутуна карабастан ынтымакта болуу керектигин эскертишти. Ошондой эле аларга өлкө аймагында тыюу салынган диний агымдар тууралуу маалыматтар берилди.

Чет өлкөлөрдөн келип Жалал-Абад шаарындагы жогорку окуу жайларынан билим алып жаткан студенттердин окутуучусу, профессор Парача Мухаммед Башир Джавед милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирип өттү. Ал өз сөзүндө бул жолугушуу оң пайдасын берээрин жана бир топ маалыматтарга ээ болушкандыгын белгиледи. Ошондой эле чет өлкөлүк студенттер мыйзам бузууларга барбай тургандыгын, тартипти бекем сакташаарын билдирди.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы