Коом Жалал-Абад шаарында жол кырсыгынан каза болгондор эскерилди

Жалал-Абад шаарында жол кырсыгынан каза болгондор эскерилди


БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 2005-жылдын 26-октябрындагы резолюциясына ылайык, ноябрь айынын үчүнчү жекшемби күнү «Бүткүл дүйнөлүк жол кырсыгынан каза болгондорду эскерүү күнү» деп кабыл алынган.

Буга байланыштуу Жалал-Абад шаардык ЖККК бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан, жогорудагы эскерүү күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү. Анда шаар аймагында жол кырсыктарын алдын алууга багытталган плакаттар менен жабдылган автоунаалардын коштоосунда үгүт жүрүш уюштурулду.

Ошону менен катар эле шаарда жайгашкан ири мечит имамдары менен биргеликте авто бекеттерде жол кырсыктардан каза болгон маркумдардын элесине карата багышталып курандар окутулду.

Жалал-Абад ОИИБы боюнча ЖККК бөлүмүнүн басма сөз кызматы.