Коом Жалал-Абад шаарында “Менин милициям, мени коргойт!” аталыштагы иш-чара болуп өттү

Жалал-Абад шаарында “Менин милициям, мени коргойт!” аталыштагы иш-чара болуп өттү


Жалал-Абад шаарындагы №2 Кадыр Закиров атындагы орто мектебинин мугалимдер жамааты жана окуучулары, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлерин Кыргыз милициясынын 97 жылдык мааракеси менен куттукташты.

Иш-чара аталган мектептин окуучулары тарабынан уюштурулган патриоттуулука багытталган концерттик программа менен коштолуп, милиция кызматкерлери мектеп жетекчилиги тарабынан ыраазычылык каттар менен сыйланышты.

Жалал-Абад ОИИБы боюнча ЖКККБнүн басма сөз кызматы