Коом Жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат

Жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат

Кыргызстандагы билим берүү мекемелеринде быйыл жаңы окуу жылы эки жума кечирээк, тагыраагы 15-сентябрда башталмай болду. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы 12-августта кабарлады. 

Өкмөт мындай чечимин билим берүүнүн сапатын камсыздоо үчүн өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга ылайык офлайн режиминде билим алууга акырындык менен өтүү максатында кабыл алганын билдирди.

Учурда билим берүүнүн бардык баскычтарындагы мекемелерде кенже жана техникалык персоналды кошкондо 152 827 кызматкер эмгектенет. Ошол эле учурда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, 12-августка карата 56 114 кызматкерге COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасы сайылган, бул 36,7 пайызды түзөт. Жамааттык иммунитетти түзүү үчүн кызматкерлердин 70 пайыздан кем эмеси эмделиши керек. Бшкача айтканда, өлкөдөгү кеминде 52 миң билим берүү кызматкери вакцина алуусу зарыл.

«Билим берүүнүн бардык баскычтарындагы билим берүү мекемелеринде окуу жылынын башталышын кийинкиге жылдыруу жайкы туристтик сезондун узартылышына да салым кошот, бул туризм секторун калыбына келтирүүгө жана андан ары өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет. Токтомдун кабыл алынышы билим берүү системасынын кызматкерлеринин эмгек акысына, ошондой эле окуу процессине таасирин тийгизбейт», -деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары окуу жылы 11-сентябрдан кийин башталган бир катар чет өлкөлөрдүн тажрыйбасы эске алынган.