Коом Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери УКТнын мүчөлөрүнүн арасында алдын алуу иштерин өткөрүүдө

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери УКТнын мүчөлөрүнүн арасында алдын алуу иштерин өткөрүүдө

Шайлоо процессине уюшкан кылмыштуу топторунун мүчөлөрүнүн криминалдык кийлигишүүсүнө жана аймакта коомдук-саясий кырдалдын курчуп кетишине жол бербөө максатында, Ысык-Көл ОИИБдин криминалдык милиция кызматынын алдындагы ующкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан, аталган контингенттин өкүлдөрү арасында күчөтүлгөн алдын алуу иш-чаралары өткөрүлүүдө.

Аталган алдын алуу иш-чараларынын алкагында, ИИМдин ыкчам каттоосунда УКТнын активдүү мүчөлөрү катары турушкан айрым жергиликтүү тургундар ички иштер бөлүмдөрүнө алынып келинип, алар менен тийиштүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө, шайлоо процесстерине алардын мыйзамсыз кийлигишүүсүнө жана кайсы бир талапкердин же партиянын кызыкчылыгын колдоого жол берилбестиги, эгерде ушундай фактылар аныкталса, мыйзам чегинде жоопко тартылаары эскертилди.

Ысык-Көл облусунун милициясы жарандардан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн шайлоо процесстерине кийлигишүүсүнө же башка мыйзамсыз аракеттерине күбө болушса, 0702877876, 0704652973 байланыш телефондору менен кайрылууну өтүнүшөт.

Кайрылган жарандардын анонимдүүлүгү боюнча купуя сыр сакталаарына кепилдик берилет.

Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы