Коом Владимир Путин Садыр Жапаровду шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады

Владимир Путин Садыр Жапаровду шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, кыргыз-орус мамилелеринин маселелери жана Кыргызстандын 2022-жылы Евразиялык экономикалык биримдикке төрагалык кылуусун эске алуу менен түрдүү тармактарда, анын ичинде евразиялык мейкиндикте өз ара аракеттенүүнү жогорулатуу боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.
Садыр Жапаров Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоо тууралуу айтып, россиялык тарапка байкоочу катары активдүү катышкандыгы, кыргызстандыктардын Россиянын аймагында добуш берүүсүн уюштурууга көмөк көрсөткөндүгү жана шайлоого жогорку баа бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Автор: Алмазбекова Дефне