Коом Видео — Москвада Орозайым Нарматованы кучак толо гүл менен тосуп алышты

Видео — Москвада Орозайым Нарматованы кучак толо гүл менен тосуп алышты

10-сентябрда ИИМ тарабынан Ош шаарындагы аэропорттон Москвага учаар алдында кармалып, бир нече сааттан кийин коё берилген активист Орозайым Нарматова учурда Москвага жетип, ал жактан мекендештер кучак толо гүл менен тосуп алышты. Бул тууралуу Орозайымды тосуп алган мекендештер билдирди.

Эскерте кетсек, өз кезегинде Ички иштер министрлиги Орозайым Нарматованын билдирүүлөрүндө Кыргыз Республикасынын бийлигинин ишмердүүлүгүнө карата терс чакырыктарды жасаган белгилер бар экендигин айтып, суракка алып коё берген.

Орозайым Нарматова Орусияда иштеген эмгек мигранты. 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын алдыңкы ондук тизмеси менен шайлоого аттанган болчу.

Видеону көрүү үчүн ушул шилтемени басыңыз

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=876828016582306&id=100054104945537