Маек Урмат Самаев, ЖК депутаты: Саясий оюндар эми мага келип жетти…

Урмат Самаев, ЖК депутаты: Саясий оюндар эми мага келип жетти…

Rezonans.kg порталынын кабарчысы учурда коомчулуктун талкуусунда калган Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаев менен байланышты.

— Урмат мырза, Сизди бүт жерде издеп жатат, кайдасыз?

— Саламатсызбы, Токмок жакта шайлоочуларым менен пландаган иштерим бар эле, ошону менен жүрөм. Парламентте 2-күнү болуп кеткем, эртең жыйынга барам. Эмнеге издедиңер?

— Токмокту кыргыз-казак чек арасында атышуу болуп, андагы катышуучулар окуяга Сизди аралаштырып жатышат. Ошол боюнча, пикир ала албай жаттык…

— Ал боюнча мындай. Менин чырга эч тиешем жок. Болгону, андагы балдарды жалпысынан тааныйм. Аскат деген бала менен бир мектепте окугам. Дастан болсо алысыраак тууган. Эми кыргыздар сурашсак баарыбыз эле тууганбыз да. Бул жерде саясий оюндар эле болуп, мага кезек келип жетти окшойт. Андан мурдагы күнү «Аргымак» федерациясына Президент болуп шайландым. Чүй-Токмок элинин маселесин көтөрүп жүрөм. Кайсы бир саясий атаандаштар мени окуя жок жерден аралаштырып, каралап калуу аракетинде болуп жатат.

— Кантип? Сиз окуядан кийин Аскатты унааңызга салып, «ишти бүтүрдүм» деп, окуяны басуунун аракетин кылган турбайсыңарбы?

— Мага Аскаттын агаларынын бири чалып, жолугушууга чакырды. Барсам, «Дастан силерге жакыныраак да, кечээки иш боюнча кечирим сурашып, элдешет элек» дешти. Мен, милицияга арыз жазып, мыйзам чегинде чечишкиле дедим. Болбой коюшту. Анан эмне кылмак элем, жигитче кечиришип алгыла, кек сакташпагыла дедим. Алар макул болуп, кол алышышты.
Эсиңердеби, депутат катары буга чейин эле Токмоктогу абалга тынчсызданып, парламентте милиция криминалга каршы ишти күчөтүш керек деп айткамын. Анан элдешип алгандары туура да. Эртең трамватикалык эмес курал менен атышса эмне болот эле?

— Эмнеге алар Сизди чакырып, элдешишет? Сиз Токмоктун «караларынан» же «ОПГысызбы?

— Мен депутат болгонго чейин деле, азыр деле Чүй-Токмоктогу мыйзам бузулган жерге барып, тараптарды угуп, элдештирип, күч, тартип органдарын чакырып, абалды көзөмөлгө алчумун. Токмокто кыргыз-дунган, кыргыз-өзүбек чырлары болгондо, спортчу Русслан Абасовду өлтүрүп кетишкенде жана башка учурларда баарына келип катышкам, ынтымакты сактап, ал үчүн жергиликтүү милиция жетекчилери менен да жаман-жакшы айтышып жүрдүм. Жакында эле Дөң-Арык деген айылда бир каракчылык болуп, үй ээлерин аз жерден өлтүрүп кете жаздаган окуя болду. Анда да биринчи болуп барып, жардамга кол сундум. Райондун милиция башчысы болсо отпускадамын деп ишинде жок. Алардын ишине да сын айтып, парламентте көтөрдүм. Кыскасы, эмне чуу, мыйзам бузуу болсо Бишкек жакын го, ушул элдин депутаты катары келип, катышып турам да. Ошого эл да көнүп, чакыра беришет.

— Сизди «ОПГ мүчөсү», «контробандист» деген маалыматтар чыкты. Ал тургай, каймана атыңарды ЧЕМПИОН экенин билдик?

— Мен так ушуга жооп берейин деп жаттым эле. Чемпион деген ат мага тээ мектептеги кезимде эле коюлган. Казак-кыргыз ортосундагы бокс боюнча турнирде финалга казак мушкери менен чыгып калып, ошондо залдагылар «Урмат-чемпион» деп сүрөп, мен чемпион болуп, утуп чыккам. Машыктыруучум белгилүү Вячеслав Шарапов да мени дайыма «Чемпион» деп чакырчу.
Ал эми менин ОПГ, контробанда боюнча эч аралашкан учурум болгон эмес. Андай факты, аралашкан кылмыш ишим болсо Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланмак белем?
Мага юристтер чалып, бул деген атайын берене экенин, андыктан мени контробандист, ОПГ дегендерди сотко берүүмдү айтышууда. Чынында, аброюма шек келип жатат… Бирок, мен ошол атагандарды өз абийирлерине койдум. Кудай баарын өз ордуна коет…

Өзүн жабырлануучу деген Аскат Сизди «1200 деген жасалма номер менен жүрөт, өз номери Казакстандыкы…» деди. Депутат болуп туруп, кантип ушундай мыйзам бузууларга барасыз?

— Ооба, 1200 дегенди айдоочум тааныштарынан алып тагып алыптыр, мен байкаган эмесмин. Көрсө, МАИлер казак номерди тосо бергенден тажап, алмаштырып алыптыр. Ал үчүн айып салынса, айдоочум айлыгынан төлөйт.

— Казак номериңиз кайдан?
— Апам казак кызы. 2016-жылы парламентке депутат болгондо, тайларым ушул унааны белек кылышкан. Белек кылып жатса «оформить этип бергиле» демек белем, мыйзам жол берет, казак номер менен айдап жүрөм.

— Эми Президентке түз кайрылып, Сизди атап жаткан соң аягы кандай болот деп ойлойсуз?

— Аскат Президентке, кыргыз элине калп айтып жатат. Ошондуктан, мен дагы бул иштин аягы акыйкат болушу үчүн Президентибизге кайрылап. Ал «Самаев мени машинесине салып кетти…» деп жатат. Тескерисинче, мен анын машинеси менен келгеним, ишти милицияга билдрип, мыйзам ченемдүү чечүүгө чакырык жасагам.аны ошол Токмок ШИИБсинин камерасынан тактасак деле болот.
Экинчиден, мени «андай иштерди мурда эле бүтүрүп жүргөн» дейт. Мен ИИМдин жетекчилигине, күч органдарына Президенттин алдында ачык кайрылам, менин контробандага же уюшкан кылмыштууулукка-ОПГга аралашканым боюнча мурда козголгон, токтоп калган,жабылган кылмыш иштерим бар жок экенин дагы бир жолу карап чыккыла дейм.

— Сизге тууган делген Дастан азыр ооруканада жатат. Чүйдүн ички иштеш башкармалыгын башчысы Самат Курманкулов ал да камакка алынаарын айтты. Ал-абалын сурадыңызбы?

— Жок, мен ооруканага барган жокмун. Тергөө иштери адилет жүрүп, Аскатпы, Дастанбы кимиси мыйзам бузса, мыйзам алдында жооп берсин. Мен эч бирине жан тартып, жактоочу болбойм. Мени карапайым эл шайлаган, элдин ишин аткарам.