Коом УКМК: Талас облусунун ИИБнын тергөө кызматынын тергөөчүсү опузалап пара алуу фактысы боюнча...

УКМК: Талас облусунун ИИБнын тергөө кызматынын тергөөчүсү опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды

КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын ИИМдин Талас шаары боюнча ИИБнын ИИКнын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн, КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинде (Опузалап пара алуу) боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Талас ИИБнин тергөө кызматынын ага тергөөчүсү кармалган.

Аталган тергөөчү, Кыргыз Республикасынын “С.Б.” аттуу жаранынан сотко чейинки өндүрүш ишин токтотуу үчүн 300 миң сом. өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап талап кылгандыгы аныкталган.

2021-жылдын 7-декабрында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, 50 миң сом. акча каражатын алып жаткан жеринен Талас облусунун ИИБнын тергөө кызматынын ага тергөөчүсү, милициянын капитаны “А.Д.Д.” кармалган.

Кармалган жаран КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.