Коом УКМК: «Айыл Банк» ААКнын коррупция фактысы боюнча иликтөө иштери башталды

УКМК: «Айыл Банк» ААКнын коррупция фактысы боюнча иликтөө иштери башталды

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун КРнын Коопсуздук кеңешинин жыйынында берген тапшырмасына ылайык, УКМК 100% акциясы мамлекетке тиешелүү болгон «Айыл Банк» ААК ишмердүүлүгүнүн ар кандай чөйрөлөрүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү текшерди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, «Айыл Банк» ААК тарабынан айрым компанияларга өтүмсүз мүлктү күрөөгө коюу боюнча ири өлчөмдөгү кредиттерди мыйзамсыз жана туура эмес бөлүп берүү фактылары боюнча маалыматтар тастыкталды.

Аталган насыялар калктын социалдык жактан аялуу катмарына, дыйканчылыкты жана мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталганы менен бул кредиттердин Банкка төлөмдөр боюнча чоң карызы бар экендиги аныкталды.

Буга байланыштуу УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталып, анын алкагында тергөө тарабынан, жасалган кылмыштын бардык жагдайларын аныктоого багытталган тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүштү иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча «Айыл Банк» ААКтын жооптуу адамдарынын жана башка жактардын аракеттерине юридикалык баа берилип, бул тууралуу коомчулукка кошумча маалымат берилмекчи.

Автор: Алмазбекова Дефне