Спорт Токиодо Кыргызстан 206 өлкөнүн ичинен 70-орунду ээледи

Токиодо Кыргызстан 206 өлкөнүн ичинен 70-орунду ээледи

Кечээ, 8-августта жайкы Олимпиада оюндары соңуна чыкты. Кыргызстан медаль уткан мамлекеттердин ичинен 70-орунга жайгашты.

Олимпиада оюндары 21-июлда башталган. Жалпысынан 339 комлект медаль ойнотулду.

Олимпиадага Кыргызстандын 16 спортчусу катышты. Алардын ичинен 3 спортчу 2 күмүш, 1 коло медаль утту. Анын жыйынтыгында Кыргызстан 206 өлкөнүн ичинен 70-орунга жайгашты. Олимпиадада жалпысынан 93 мамлекеттин спортчулары байгелүү орундарды ээлеген.

Эң көп алтын медалды АКШнын спортчуларды алды. Алар 113 медаль тагынса, алардын ичинде 39 алтын, 41 күмүш жана 33 коло байге бар. 2-орунга

Кытай жайгашты. Кытайдын спортчулары 88 медаль жеңди. Алардын ичинде 38 алтын, 32 күмүш, 18 коло байге болду.

3-орунду Япония ээледи. Япон спортчулары 58 медаль утса, алардын ичинен 27 медаль алтын, 14 байге күмүш, 17 медаль коло болду.