Коом Тойканалар жабылып, мектепке айланды

Тойканалар жабылып, мектепке айланды

Казакстандын Түркстан облусунун Келес районундагы чоң мааракелер өтүүчү имараттарда майрамдык иш-чаралар токтоп, калкка зарыл болгон кызматтар көрсөтүлө баштады. Алардын бирине жаңы окуу жылына карата мектеп катары пайдаланылса, калган 5 тойкана башка бизестин булагына айланды.

Учурда балдар ашканада окуп жатышат. Ар бир класста 24-25 окуучу бар. Класстар кенен жана жарык. Бул жерде балдар эртеден кечке чейин окушат. Атайын мектептен үйлөрүнө чейин автобус ташып турат.

«Окуучулар түшкө чейин окуса, түштөн кийин үй тапшырмасын жана кошумча сабактарга даярдык көрүшөт. Себеби, 2 жылдан бери онлайн окуган балдардын сабаттуулугу бир топ төмөндөп кеткен. Эми аны көтөрүүгө аракет кылып жатабыз», — дейт мектеп жетекчиси Мирахмет Байкожаев.

Жаңы башталгыч окуучулар үчүн ачылган мектепте азыр 200гө жакын окуучу билим алат. Алты класс бар.

Ресторандын 250 адам олтуруп, майрамдай турган салтанат залы азыр дене тарбия боюнча спорттук сал катары ачылып жатат. Эми бул жерде окуучулар футбол, волейбол, баскетбол ойношот.

3,5 миң чарчы метр аянтты ээлеген оюн-зоок борборунда азыр билим алуу үчүн бардык шарттар бар. Окуу жайын келечекте негизги же орто мектепке айландыруу учун азыртан эле кам-кордук көрүлүүдө.

«Бизде 13 класс жана дагы бир компьютердик класс бар. Балдарды түштөн кийин тамактандыралы деп жатабыз, эмки жылы кийим-кече, форма беребиз», — дейт жеке ишкер Досжан Ескендиров.

Пандемия башталгандан бери жабылган ресторандардын жарымына жакыны азыр иш мерчемин өзгөртүштү. Имараттар турмуш-тиричилик техникасын жана элге керектүү товарларды сатуучу соода түйүндөрүнө айланткан.