Коом Өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 26-августка карата аба ырайы

Өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 26-августка карата аба ырайы

Кыргызгидромет борбору 26-августка карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +24…+29, Талас облусунда +22…+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28…+33, Ысык-Көл облусунда +19…+24 жана Нарын облусунда +21…+26 градуска жетет.

Ал эми Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт, абанын температурасы +27…+29 градус болору күтүлөт.