Коом Тажиктер кармап кеткен үч жаран Кыргызстанга кайтарылды

Тажиктер кармап кеткен үч жаран Кыргызстанга кайтарылды

Тажикстан күч түзүмдөрү кармап кеткен Кыргызстандын үч жараны өлкөгө кайтарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 26-ноябрда эки тараптын чек ара кызматынын өкүлдөрү жолуккан. Анда Борбордук — Арка (Хужант — Канибадам) унаа жолунун боюндагы курулуш иштери талкууланып, тажик тарап курулушту токтотушарын билдирген.

Мындан тышкары эки тараптан кармалып кеткен жарандар боюнча сүйлөшүлүп, Тажикстан 3 жаранды Кыргызстанга өткөрүп берген. Алдыда дагы 3 жаранды Мекенине кайтаруу каралып жатат.

Ошондой эле Кыргызстанда кармалган 2 тажикти бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр орун алган.