Коом Тарых музейи 5 жылдан кийин ачылды

Тарых музейи 5 жылдан кийин ачылды

Бүгүн Бишкектеги Улуттук тарых музейинде оңдоп-түзөө иштеринен кийин расмий ачылышы болду. Меймандардын алдында улуттук ансамблдердин мүчөлөрү концерт берүүдө.

Биринчи он күндүктө — 20-30-ноябрга чейин саат 10:00 — 18:00 аралыгында бардык каалоочулар музейге акысыз кирет.

Тарых музейи 2016-жылдын 25-майында оңдоп-түзөө үчүн жабылган. Оңдоо иштерине мамлекеттик бюджеттен 1,5 миллиард сом бөлүнгөн.

Ошондой эле 15 миллион доллар Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) аркылуу каржыланып, имараттын сыртын жасалгалоого багытталган. Музей 5 жыл 5 ай 25 күн жабык болду.