Коом «Талибандын” ардагерлери Ооганстанда чечүүчү кызматтарга дайындалды

«Талибандын” ардагерлери Ооганстанда чечүүчү кызматтарга дайындалды

Жалпыга маалымдоо каражаттары “Талибандын” ардагерлери Ооганстанда чечүүчү кызматтарга дайындалып жатканын жазышты.

«Пажхвок» агенттигинин маалыматына караганда, 25-августта ардагер талибдер — Гүл Ага финансы министри болсо, Садр Ибрагим ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

«Аль-Жазира» телеканалы мурда Гуантанамодо түрмөдө отуруп чыккан молдо Абдул Кайюм Закир коргоо министри болгонун кабарлады.

Reuters агенттиги “Талибандын”мүчөсү бул дайындоолорду тастыктаганын билдирди. Ал 20 жыл бою согушка катышкан, тажрыйбалуу талаа командирлери эми губернаторлук кызмат орундарын ээлей турганын кошумчалаган. Талибдердин кол башчыларынын бири дайындоолор убактылуу экенин айтты.