Коом “Талибан” Ооганстандан чет элдиктерди эвакуациялоо мөөнөтүн 31-августка чейин бүтүрүү талабын койду

“Талибан” Ооганстандан чет элдиктерди эвакуациялоо мөөнөтүн 31-августка чейин бүтүрүү талабын койду

“Талибан” Ооганстандан чет элдиктерди эвакуациялоо мөөнөтүн 31-августтан ары жылдырууга уруксат бербей турганын билдирди.

Бул тууралуу “Талибандын” өкүлү Забиулла Мужахид маалымат жыйынында айтканын Sky News телеканалы кабарлады.

Мужахид буга чейин жетишилген макулдашууга таянып, 31-август – чет элдик аскерлерди чыгаруунун эң акыркы мөөнөтү экенин кабарлады. Анын айтымында, Кабул аэропротундагы чет элдик адамдар ушул мөөнөттөн калбай чыгып кетиши керек. Ал 1-сентябрдан тарта чет элдиктерди эвакуациялоо ишине башкача тартип киргизилерин белгилеп, бирок кандай чара экенин тактаган эмес.

Талибдер көпчүлүк оогандыктарды өлкөдөн чыгарууну колдобостугун айтып, сыртка чыгып кетүүнү көздөп Кабул аэропортун курчап тургандарды үйүнө таркоого үндөдү. “Талибан” мекендештеринин коопсуздугуна кепилдик берерин жана эч ким куугунтукка алынбастыгын айтты.