Коом Таласта милиция кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешти

Таласта милиция кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешти

Талас шаарынын Капар Медетбеков атындагы облустук драма театрында Кыргыз Республикасынын милициясынын 97 жылдыгы белгиленди.

Салтанаттуу азем Кыргыз Республикасынын гимнин ырдоо менен башталып, Талас ОИИБнин начальниги милициянын полковниги Марлис Асанов өзүнүн куттуктоо сөзүн айтып, Талас облустук ички иштер башкармалыгынын тарыхы менен тааныштырды.

“Биздин кызматыбызда өз ишин мыкты билген, адистик даярдыктан өткөн мыкты кызматкерлер иштейт деп сыймыктануу менен айта алам. Татаал жана оор кырдаалдардан да өтүп, кызматкерлер ийгиликтүү иштеп жатышат. Өз милдетин аткарып жатып, тилеккке каршы кызмат учурунда каза болгон кызматкерлер да бар. Алар антына бекем туруп, элибиздин коопсуздугун камсыз кылууда талыкпай кызмат өтөшкөн. Алардын эмгектери жана жаркын элестери эч качан унутулбайт”-деди өз сөзүндө Марлис Асанов.

Андан соң Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы өкүлү Бакытбек Нарбеков куттуктоо сөзүн айтты. Талас облусунун прокуратура органдарынын, сот жана УКМК кызматтарынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, милициянын ардагерлери жана башка облустук фонддордун жетекчилери куттуктоо менен кошо баалуу белектерин жана медалдарын тапшырышты.

Андан тышкары, ИИМнин медалдарын, ардак грамота жана башка сыйлыктарын тапшыруу аземи болуп өттү. Атайын майрамга арналып тартылган видеороликтер көрсөтүлүп, атайын наамдар тапшырылды.

Талас ОИИБнин басма сөз кызматы