Коом Талас облусунун ички иштер башкармалыгында терроризм жана экстремизмди алдын алууга багытталган семинар...

Талас облусунун ички иштер башкармалыгында терроризм жана экстремизмди алдын алууга багытталган семинар болуп өттү

Бүгүн, 7-октябрь күнү Талас ОИИБнын экстремизмге жана мыйзамсыз миграция каршы аракеттенүү боюнча кызматынын демилгеси менен, Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын жыйындар залында экстремизмге жана терроризмге каршы туруу максатында Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы Коомдук алдын алуу борборлорунун өкүлдөрүнө “Жаштар арасында радикалдашуунун жана диний экстремизмдин алдын алууда диний жана мамлекеттик уюмдар менен иштөөнүн теоретикалык жана практикалык негиздери” аталышындагы семинар өттү.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын укуктук тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаал бөлүмүнөн, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЭММКАКнын бөлүмүнүн начальниги Манас Аманбаев, Талас облусунун ИИБнын начальнигинин орун басары Шукурбек Кушбеков, Талас облусунун ИИБнын начальнигинин орун басары Алмаз Тулебеков, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары, укук коргоо органынын кызматкерлери катышышты.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган диний уюмдар жана алардын көз караштары тууралуу слайд көрсөтүлдү. Анда терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү багытында аткарылган иштердин мыйзамдуулугу көзөмөлдөнүп, терроризмдин, экстремизмдин детерминанттарынын (шарт,өбөлгө) жоюу, террордук чабуулдардан коргонуу боюнча тиешелүү жактарга сунуштарды, жазуу түрүндө эскертүүлөрдү жиберүү иштери аткарылышы зарыл экендиги айтылды.

Мындан тышкары иш-чарада экстремисттик жана террористтик көз караштагы диний уюмдардын ишмердүүлүгүнө жол бербөө максатында мамлекеттик органдар тарабынан биргелекте тынымсыз иш-чаралар жүргүзүлүп, жергиликтүү жашоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл экендигин билдиришти.

Талас ОИИБнын басма сөз кызматы