Коом Талас облусунда шайлоо учурундагы мыйзамдуулукту камсыздоо жана укук бузуулардын алдын...

Талас облусунда шайлоо учурундагы мыйзамдуулукту камсыздоо жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча семинар-тренинг өттү

Бүгүн, 8-октябрда Талас шаарында 2021-жылдын 28-ноябрында өткөрүлө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого карата семинар-тренинг өттү. Аталган иш-чарага Талас ОИИБнин начальниги милициянын полковниги Марлис Асанов, Талас ОИИБнин начальнигинин орун басары, ал эле коомдук коопсуздук кызматынын начальниги милициянын полковниги Шукурбек Кушбеков, шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниктери жана орун басарлары, прокуратура кызматкерлери, тергөөчүлөр, милициянын аймактык инспекторлору, аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү катышты.

Иш-чаранын алкагында Борбордук шайлоо комиссиясынын, Ички иштер министрлигинин, Башкы прокуратуранын тиешелүү өкүлдөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентин, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө Конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча кеңири маалыматтар берилди.
Иш-чарада укук коргоо органдары менен БШК кызматкерлеринин бергелешип иш алып баруу процесстери айтылды.

Шайлоо күнү жана ага чейин мыйзам бузуулар катталган учурда укук коргоо органдары тарабынан кандай чаралар көрүлө тургандыгы айтылды. Милиция кызматкерлери тарабынан аткарылуучу иш-аракеттер баса белгиленди. Ошондой эле катышуучулар менен суроо-жооптор орун алып, биргелешип чечүүчү маселелер талкууланды.

Семинар-тренингдин негизги максаты ЖК депутаттарын шайлоо учурундагы мыйзамдуулукту камсыздоо жана укук бузуулардын алдын алуу болуп эсептелет.
Анын алкагында семинар-тренингдин катышуучуларына шайлоого карата атайын чыгарылган колдонмо китептер, эскертме баракчалар таратылып, окуу куралдары берилди. Бул семинарда алынган маалыматтар, жаңылануулар боюнча Талас ОИИБнин кадрлар бөлүмү тарабынан башка милиция кызматкерлерине окутуулар жүргүзүлөт.