Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кыргыз тилинен кайрадан экзамен тапшырбайт. Бул тууралуу 1-октябрда мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев Супер Инфого кабарлады. Анын айтымында, мэрдин кайталап экзамен тапшыруусуна негиз жок.
«Шаар башчысы буга чейин эле кыргыз тилинен экзамен тапшырган. Борбордук шайлоо комиссиясы жөн гана сунуш берип жатат. Ошондуктан кайрадан тапшыруусуна эч кандай негиз жок», — деди Түлөбаев.
Буга чейин журналист Канышай Мамыркулова өкмөттүн токтомуна таянып, Азиз Суракматов менен Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун тил билүү деңгээлине нааразычылык билдирип БШКга арыз жазган. БШК арызды карап чыгып, эки мэрге «Кыргызтесттен» өтүүнү сунуштаган.
Суракматов мэрликке талапкер болуп чыкканда экзамен тапшырып, өз программасын кыргыз тилинде жазып берген. Ал программасын ката жазганына карабай комиссия «мамлекеттик тилди билет» деп баа берген.