Сокулук районунда досун өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 8-декабрь күнү саат 13:30дар чамасында нөөмөт бөлүмүнө Жаңы-Жер айылындагы көчөлөрдүн биринен зомбулук менен өлтүрүлгөндүн белгилери менен европа түспөлүндөгү эркек адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Каза болгон адам айылдын 30 жаштагы тургуну болгон.
Шектүү катары 32 жаштагы жаран кармалган. Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, кылмыш мас абалында эркектердин ортосундагы чырдын негизинде жасалган. Шектүү алкоголдук ичимдиктерди ичип отуруп, кадимки жубайын арак ичкен шериги үчүн кызганып, сабап салган. Натыйжада ал эсине келбей каза болгон.
Шектүү кармалып, ИИМге киргизилген. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды.
Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда. Автор: Алмазбекова Дефне