Коом Сокулукта кыз зордуктоого шектелген жигиттин ата-энесин айылдан көчүрүү чечими кабыл алынды

Сокулукта кыз зордуктоого шектелген жигиттин ата-энесин айылдан көчүрүү чечими кабыл алынды

Сокулук районунда 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жигиттин ата-энесин айылдан көчүрүү чечими кабыл алынды.

Бүгүн, 7-декабрь күнү аксакалдар соту өтүп, ага Сокулук райондук мамлекеттик администрация башчысы Айтибай Курбанбеков, РИИБ жетекчилиги жана айыл тургундары катышты.

Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев өз сөзүндө бул кылмыш иши мыйзам чегинде каралып, күнөөлүү катаал жазасын аларын белгиледи.

«Бардыгы мыйзам чегинде болот. Мен райондун жетекчиси катары муну өзүм көзөмөлдөп, жоопкерчилигин алам. Сиздерге сабырдуулук берсин. Биринин артынан экинчиси болуп кетпесин.

Ал эми бул үй-бүлөнү айылдан көчүрүүнү аксакалдар менен сүйлөшүп чечишкиле. Биз бул жагына аралаша албайбыз», — деди ал.

Аксакалдар соту жыйынтыгында 3 күндүн ичинде аталган үй-бүлөнү көчүрүү боюнча чечим кабыл алышты.

Кечээ, 6-декабрда Кызыл-Туу айыл аймагындагы Исмаил айылында эл топтолуп, 2004-жылы туулган кызды зордуктоого шектелген жигиттин атасын ортого алып, бул үй-бүлөдөн айылдан көчүп кетүүсүн талап кылышкан. Бирок, кылмышка шектүүнүн атасы: «Мен көчө албайм» деген пикирин билдирген эле.