Коом Соңку бир күн ичинде вирус дагы 228 адамдан табылды

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 228 адамдан табылды

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 23-августтагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан беш адам каза болду.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2489 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 228 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (152) жана Чүй (27), Ысык-Көл (26) облустарында.

Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 174 148 адамга жетти.
Бир күндө 394 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 1375 адам жатат, дагы 2159 бейтап үйдөн дарыланууда.