Коом Соңку бир күн ичинде вирус дагы 152 адамдан табылып, 6 адам каза...

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 152 адамдан табылып, 6 адам каза тапты

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 30-августтагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча алты киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2 524 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 152 адамдан табылды. Өлкөдө бул оору 175 589 адамга жукканы расмий катталды.

Азыр ооруканада 1 136 адам жатат, дагы 1 071 ​бейтап үйдөн дарыланууда. Бир суткада вирустан 300 адам айыгып, жалпы сакайгандардын саны 169 417​ киши болду.