Коом Шанхай кызматташтык уюмунун (ШОС) лидерлеринин кезектеги саммити өтөт

Шанхай кызматташтык уюмунун (ШОС) лидерлеринин кезектеги саммити өтөт

Бүгүн 17-сентябрда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШОС) лидерлеринин кезектеги саммити өтөт. Ага Кыргызстандан президент Садыр Жапаров баштаган расмий делегация катышат.

Уюмдун 20 жылдыгына арналган саммиттин күн тартибинде кызматташтыкты өркүндөтүү, пандемиянын кесепеттерине каршы чогуу күрөшүү маселелери жана аймактык, эл аралык мамилелерге байланыштуу көйгөйлөр бар. Президенттер Ооганстандагы соңку абал тууралуу да сөз кылышат.

Саммиттин жыйынтыгында 30дан ашуун документке кол коюлат.

Кечээ 16-сентябрда президент Садыр Жапаров Дүйшөмбүдө Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) саммитине катыш