Коом Шайлоодон кийин мектеп окуучулары жана студенттер кандай форматта окушат?

Шайлоодон кийин мектеп окуучулары жана студенттер кандай форматта окушат?


Кыргызстанда шайлоо участкалары жайгашкан мектептер жана жогорку окуу жайлары онлайн окутууга өтөт. Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бул бир күнгө – 29-ноябрга гана жүргүзүлөт.
"Үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрына белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча айрым билим берүү уюмдарынын (мектептердин, бала бакчалардын, ЖОЖдордун ж.б.) имараттарына участкалык шайлоо комиссияларын убактылуу жайгаштырууга уруксат берилди. Шайлоонун эртеси күнү Дүйшөмбү күнү жергиликтүү бийлик участкалык шайлоо комиссиялары жайгашкан билим берүү мекемелеринде дезинфекциялоо иштерин жүргүзөт. Буга байланыштуу 29-ноябрда (бир күнгө) участкалык шайлоо комиссиялары убактылуу жайгашкан билим берүү уюмдары гана онлайн окутууга өткөрүлөт. Калгандары кадимки режимде, салттуу форматта иштей беришет», - деп билдирди Билим берүү министрлиги.

Автор: Алмазбек кызы Үпөл