Коом Шайлоо күну ар бир билдирүүлөр  жеринен ыкчам текшерилет

Шайлоо күну ар бир билдирүүлөр  жеринен ыкчам текшерилет

Шайлоо күнү келип түшкөн ар бир арыз-билдирүүлөр жеринде ыкчам текшерилип, токтоосуз чаралар көрүлүүгө тийиш. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков ИИМдин борбордук аппаратынын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын, облустук жана шаардык милициянын жетекчилерине онлайн кеңешменин жүрүшүндө билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-ноябрда Улан Ниязбеков шайлоо күнү коомдук коопсуздукту жана мыйзамдуулукту сактоо, шайлоочулардын эркин жана өз ыктыяры менен шайлоосун камсыздоо боюнча ички иштер органдары тарабынан көрүлүп жаткан даярдыктарды текшерип, ИИМдин борбордук аппаратынын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын, облустук жана шаардык милициянын жетекчилерине онлайн кеңешме өткөрдү.

Анда эртең саат 08-00дө шайлоого чейинки үгүт иштери толугу менен аяктап, “Жымжырттык күнү” өкүм сүрсө, жекшемби күнү 28-ноябрда шайлоо болоору айтылды.

Ыкчам жыйында Улан Ниязбеков тарабынан милиция кызматкерлеринин алдыларына коюлган шайлоого байланыштуу ар бир тапшырманын аткарылышы эскертилип, “Өткөн аппараттык кеңешмелерде белгилеп өткөм, дагы бир жолу эскертем – бул шайлоо буга чейинки шайлоолорго караганда өзүнүн тазалыгы, калыстыгы менен айырмаланып, эч кандай бурмалоосуз жагдайда өтүшү керек. Ал үчүн менин орун басарларымдан баштап, бардык деңгээлдеги жетекчилер “шайлоону тынч өткөрүү боюнча” коюлган тапшырмалардын так жана кынтыксыз аткарылышын катуу көзөмөлгө алууга милдеттүү”, — деди ал.

“Президентибиздин “Шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу жөнүндө” жарлыгын ийгиликтүү ишке ашыруу максатында элдин коопсуздугун камсыздап, күчөтүлгөн тартипте иш алып баруу — учурдун талабы. Шайлоо жөнүндө мыйзамга ылайык, шайлоону өткөрүү мезгилинде добуш бере турган элге жана шайлоого катышып жаткан талапкерлерге бирдей шарттар түзүлгөн.

Шайлоо учурунда атайын уюшулган адамдар же топтор тарабынан жарандарды шайлоого катышууга таңуулап же катышпоого мажбурлоо максатында таасир этүүнүн ар түрдүү формаларын колдонууну алдын алып, бөгөт коюу үчүн бардык ыкчам кызматтар алдын ала иш-чараларды күнү-түнү жүргүзсүн деп буйрук беремин. Биздин эл эгемендүү өлкөдө жашагандыктан, добуш берүүнү коомчулуктун өз тандоосуна коюп, талапкерлердин мыйзам чегинде ээн-эркин үгүт иштерин жүргүзүүгө бардык шарттар түзүлгөн. Ошол шарттарды жолдон чыгарып жаткан добуш сатып алуу, административдик ресурсту колдонуу, добуштарды атайылап таңуулоо сыяктуу элге жат көрүнгөн фактылар катталып жатат, бул фактылар боюнча жыйынтыктар кыска мөөнөттө чыгарылып, мыйзам чегинде чечимдер кабыл алынсын.

Шайлоо күнү келип түшкөн арыз-билдирүүлөр, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан укук бузуулар боюнча маалыматтар жеринде ыкчам жана өз убагында териштирилип, ошол эле күнү токтоосуз каралууга тийиш экендигин эсиңиздерге салам”, — деди Улан Ниязбеков.

Ал белгилегендей, бүгүн Куралдуу күчтөрдүн башкы колбашчысы — президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Коопсуздук кеңешинин жыйыны болуп өттү.

«Аталган жыйында ички иштер министрлигине коомдук тартипти сактоо, шайлоо комиссияларынын бардык мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыздоо, шайлоодон кийин ар түрдүү деструктивдик чагымчыл учурларды, ички жана тышкы мыйзамсыз таасир берүүлөрдү болтурбоого тиешелүү комплекстүү чараларды көрүү, аны менен бирге мыйзам бузуулар боюнча бардык фактыларды аныктап, катуу чаралар көрүлүшү керектиги жөнүндө тапшырмалар коюлду.

Президент тарабынан коюлган маанилүү тапшырмалар баарыңыздарга нускама ирээтинде жеткирилет. Анын алкагында тиешелүү иш-чараларды жеринде уюштуруп, алып баруу тапшырмасы коюлду. Эң негизгиси, шайлоо учурунда айрым адамдар тарабынан элди ар кандай жолдор менен азгырып, өз максаттарына жетүү үчүн жең ичинен жасалуучу таасир этүүнүн ар түркүн мыйзамсыз ыкмаларына бөгөт коюу — милициянын шайлоо учурундагы артыкчылыктуу милдети», — деп баса белгиледи министр.

Ниязбеков катышуучуларга карап, бүгүнкү күндө милиция эски ишмердиктен арылып, жаңы кадамдар менен “бардык учурда элди коопсуз тейлөө” боюнча иш алып барууга өткөндүгүн жакшы билесиздер деп билдирди.

«Чын ниеттен элге ак кызмат кылып, жарандардын социалдык абалына, турмуштук кырдаалына карабастан, ким гана болбосун кол сунуп жардам берип, жеринде тейлөө көрсөтүү ишмердиги туруктуу жана дайыма аткарылуучу милдеттердин бири болуп эсептелет.

Шайлоо убагында элге тейлөө көрсөтө албаган, милицияга тиешелүү болгон арыз-даттанууларды, жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан кайрылууларды жеринде ыкчам териштирип, тез арада чече албаган жетекчилерге биздин катарыбызда орун жок экендигин баса белгилеп кетем. Анткени, милициянын берген антында өлкөнүн коопсуздугу болсо, ар бир кызматкердин жүрөгүндө элдин тынчтыгы болушу керек”, — деди ал.

ИИМдин башчысы шайлоо учурунда коомдук коопсуздукка тартылган бардык кызматкерлер жүктөлгөн иштерди татыктуу алып барып, элге сылык мамиле жасап, өзүнүн түздөн-түз ишмердигин бирөөгө милдет кылбастан аткаруу керектигин тапшырды.

Бул кеңешмеде айтылгандарды жана президент тарабынан коюлган тапшырмаларды жетекчиликке алуу менен он бир багыттамалык “Нускамалар” берилди. Министр Улан Ниязбеков нускамалар ички иштер органдарынын жетекчилери жана алардын кол алдындагы кызматкерлер тарабынан кынтыксыз аткарылып, көзөмөлдө болушун талап кылды.

Алар:

— Элдин коопсуздугу, анын ичинде жол кыймылынын коопсуздугу жогорку деңгээлде камсыздалып, президентибиз тарабынан коюлган тапшырмалар токтоосуз түрдө аткарууга алынсын;

— Ички иштер министрлигинин кызматтарынын региондорго бөлүнгөн жооптуу жетекчилери координациялоо иштерин жүргүзүп, кызматтык көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшүп, тажрыйбалык жардам көрсөтүп, аткарылган иштер тууралуу министрликтин “Маалымат-талдоо тобуна” күнүгө маалымдап турушсун. Андан тышкары, коомдук коопсуздукка тартылган бардык кызматкерлер медициналык коргонуучу каражаттар менен камсыздалып, илдетти жугузуп алуудан сак болушсун;

— Шайлоого чейин жана үгүт иштери учурунда катталган кылмыштар менен жоруктарга мыйзам чегинде кыска мөөнөттүн ичинде тиешелүү чечимдер кабыл алынсын;

— Шайлоо күнү катталган фактыларга жеринде сапаттуу, ыкчам жана өз убагында териштирүүлөр жүргүзүлүп, ошол күнү мыйзамдуу чечимдер кабыл алынсын;

— Шайлоодо өз максаттарына жетүү үчүн добуш сатып алуу, адамдарды унаалар менен ташуу, административдик ресурс колдонуу же бирөөгө добуш берүүгө таасир этүү жана башка ушул сыяктуу мыйзам бузууларды аныктап, бөгөт коюу үчүн бардык ыкчам кызматтар күнү-түнү күчөтүлгөн тартипте иш алып барышсын;

— Шайлоо тилкелеринин айланасында адамдардын жана автоунаалардын тыгындарын болтурбоо, эпидемиялык коркунучтарды алдын алуу, коомдук транспорттун тоскоолдуксуз жүрүүсүнө шарт түзүү менен элдин турмуш-тиричилигине ыңгайсыз учурларды болтурбоо боюнча жергиликтүү бийлик органдары, шайлоо комиссиялары жана жооптуу мамлекеттик органдар менен биргеликте жер-жердеги биринчи жетекчилер жеке иш алып барсын.

— Эл арасында бөлүп жарууларды, ар түрдүү чындыкка дал келбеген маалыматтарды, коомчулукту козутуу үчүн мыйзамсыз аракеттерди болтурбоо үчүн ыкчам иш-чаралар тынымсыз жүргүзүлсүн.

— Аба ырайынын сууктугуна карабастан, шайлоо тилкелеринде өз милдеттерин аткарып, коопсуздукту сактап жаткан катардагы кызматкерлерге тиешелүү шарттарды түзүү облустук жана шаар-райондук деңгээлдеги ички иштер органдарынын биринчи жетекчилерине жүктөлөт. Эгерде шарт түзүлбөй, маселелер жеринде чечилбей калгандыгы аныктала турган болсо, анда ошол жердин жетекчиси жана жооптуу орун басарлары менен бирге өз каалоолору менен иштен кете берсе болот. Бул талаптар жалпы жетекчилерге жеткирилсин;

— Бир дагы милиция кызматкери шайлоого жана саясатка аралашпасын; Элге орой мамиле жасап, шайлоо тилкелерине келген жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн ордуна текеберленип, жүктөлгөн милдеттерди аткарбаган кызматкерлер, ошол жерге жооптуу жетекчиси менен кошо катуу тартиптик жазага кириптер болот. Бул талапты шайлоо күнү болуп өтүүчү эртең мененки “Нускамада” бардык кызматкерлерге жеткирилсин;

— Ички иштер органдарынын шайлоо учурунда аткара турган негизги милдети – элдин коопсуздугун камсыздап, шайлоону тынч жана одоно тартип бузуусу жок өткөрүү болуп эсептелет. Ошондуктан, ар бир жетекчи жүктөлгөн милдеттерди так жана кынтысыз аткарсын;

— Шайлоо учурунда милициянын аткара турган иштери боюнча мурда негизги он тапшырма коюлган болчу жана аларды ишке ашыруу катуу көзөмөлгө алынсын. Эң башкысы жер-жерлерде одоно коомдук тартип бузууларга, массалык башаламандыктарга, жарандардын нааразычылыгы жаралган жагдайларга жол берилбей, коомго көмөк көрсөтүп, элге кызмат кылуу иштери алып барылсын.

“Жогоруда аталган нускамалардан тышкары, тиешелүү кызматтар жана жер-жердеги жетекчилер аткара турган конкреттүү иштерди да баса белгилеп айта кетейин. Себеби, бүгүнкү болуп өткөн Коопсуздук Кеңешинде Президентибиз тарабынан ишкерлерди жана инвесторлорду колдоо, алардын укуктарын коргоп, ишмердигине криминалдык элементтердин кийлигишүүсүн болтурбоо, экономикалык туруктуулукту ишке ашыруу, туризмди өнүктүрүү, айыл-чарба коопсуздугу, коомдун ичиндеги көйгөйлөрдү чечүү жана башка бир катар багыттар боюнча талаптар коюлуп, тапшырмалар берилди.

Анын ичинде укук коргоо органдарынын ак ниетсиз жана өз кызыкчылыгына карата мыйзамсыз иштери болбошу керектиги, бардык мамлекеттик органдар ишкердик субьектилер менен инвесторлорду колдоо боюнча иш алып баруу, коррупциялык иштерге аралашпай ар ким өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруусу жөнүндө орчундуу тапшырмалар белгиленди.

Ошондуктан, мамлекет башчыбыз белгилеп өткөн талаптар менен тапшырмаларды жана Коопсуздук Кеңешинин чечимин кынтыксыз ишке ашыруу керектигин белгилейми.

Ички иштер министрлигинен баштап, облустук жана шаардык деңгээлдеги жетекчилер региондорго, округдарга бекитилип, жер-жерлерде аткара турган иштер белгиленди ошол себептүү шайлоо учурунда коомдук тартипти жогорку денгээлде сактоо керектигин дагы бир жолу баса белгилеймин”, — деп Улан Ниязбеков кеңешмени жыйынтыктады.

Афтор: Алмазбек кызы Үпөл