Коом Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Унаа” ишканасы ИИМге өткөрүлдү

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Унаа” ишканасы ИИМге өткөрүлдү

Садыр Жапаров “Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду

Кыскача:

▪️Автоунааларды каттоо функциялары ИИМге жүктөлдү берилди

▪️Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Унаа” ишканасы ИИМге өткөрүлдү

▪️ Таксисттерди лицензиялоо киргизилди

▪️ Автомектептерге лицензияларды Ички иштер министрлиги берет. (Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги берчү)

▪️ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктын штаттык саны көбөйтүлөт

▪️ Жүргүнчүлөрдү ташууну Ички иштер министрлиги көзөмөлдөйт (буга чейин Транспорт министрлиги көзөмөлдөчү)

Бийлик мындай чаралар жол кырсыктарынын жана адам өлүмүнүн санын азайтарын айтууда