Коом Салыктык климат жөнүндө президенттин жарлыгы. Өлкөнү кандай өзгөрүүлөр күтүп турат

Салыктык климат жөнүндө президенттин жарлыгы. Өлкөнү кандай өзгөрүүлөр күтүп турат

Садыр Жапаров мурда маалымдалгандай, чакан бизнести колдоо, ыңгайлуу салыктык климатты түзүү боюнча жарлыкка кол койгон.
Министрлер кабинетине бизнести колдоо жана ак ниет салык төлөөчүлөр үчүн жагымдуу салык жана бажы климатын жана бизнес чөйрөсүн түзүү боюнча чараларды көрүү тапшырылды.
Тактап айтканда, министрлер кабинети салык төлөөчүнүн бирдиктүү картасын жана кошумча нарк салыгын жана акцизди төлөөгө мониторинг жүргүзүүнүн аналитикалык системасын түзүшү керек. Мындан тышкары, мамлекет башчысы салык төлөөчүлөрдү тейлөөнүн сервистик моделине өтүүнү жана салыктык тескөө жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүнү тапшырды. Бул бизнес процесстерин санариптештирүү аркылуу ишке ашат.