Коом Сагынбүбү Очорбаева: Талас облустук соттун төрагасынын чечимине ыраазы болдук

Сагынбүбү Очорбаева: Талас облустук соттун төрагасынын чечимине ыраазы болдук

26-августа Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылынын 10го жакын тургуну Бишкек шаарынын Жогорку Соттун алдына акыйкаттык издеп, соттордун адилеттүү чечим чыгарышын талап кылышкан.

Аталган айылдын тургуну Сагынбүбү Очорбаеванын айтымында, Кыргызстан аймагы боюнча 1996-жылдары колхоз-совхоз бөлүнүп баштаганда Бакай-Ата районундагы “Күмүш так” колхозу 5 чарбага бөлүнүп, алар дагы майда чарбага бүлүнүп кеткен. Орто бөлүнбай калган мүлкөтөрү калып, бир адам жасалма документ менен өзүнүн карамагына өткөрүп алган.  

“Боо-Терек айылынын айрым тургундары майда чарбанын ичинен “Фрунзе” чарбасына ээлик кылышкан. Ошол убакта бөлүнбөй кеткен 3 мүлкүбүз калып кеткен эле. Алар, мебельний цех, 5 гектар бак, ири дүкөн. Аны ошол жылдары саталы десек ала турган эч ким чыкпагандыктан кийин сатабыз деп калтырып койгонбуз. Орто жолдон биздин эле айылдын тургуну аны жасалма документ менен менчиктештирип алып сатып жибериптир. Биз аны кийин уктук. Аны өзүбүзгө каратуу үчүн соттон акыйкаттык издеп келебиз«,-деди Сагынбүбү Очорбаева.

Очорбаева белгилегендей, буга чейин бул маселе менен райондук, облустук сотко кайрылышкан. Алар акыйкат чечим чыгарышкан. Өзгөчө облустук соттун төрагасы Мирлан Боронбаев элдин кызыкчылыгын жогору койгон.

«Биздин маселебизди Талас облустук соттун төрагасы Мирлан Боронбаев карады. Биздин арызды канааттандырып, мүлкүбүздү өзүбүзгө кайтарууда калыс чечим чыгарып берди. Бизде ушундай карапайым адамдардын арызын угуп, акыйкат чечим чыгарган соттор бар экенине айыл эли ыраазы болдук. Боронбаевге окшогон соттордун катары дагы да көбөйө берсин. Биз сотторду жаман дей бербей жакшы жагын да көрө алышыбыз керек»,-деди Очорбаева.

Ошентип Жогорку соттун отурумунда судя Абылай Мухамеджанов акыркы чечимди чыгарып, райондук жана облустук соттун чечимин күчүндө калтырып, “Күмүш так” колхозунан мүлкүнөн ажыраган 10 чакты тургундун өз мүлкүнө ээ болсун деген чечимди чыгарып берди.