Коом Садыр Жапаров спортчулардын жеңиши менен куттуктады

Садыр Жапаров спортчулардын жеңиши менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасына Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбандар Айсулуу Тыныбекованын дүйнө чемпиону болушу менен, Эрназар Акматалиевди күмүш тагынышы менен куттуктады.

«Айсулуу алтын кызыбыз! Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында ишенимдүү жеңишиң менен чын дилимден куттуктайм!Буга улай эле азаматыбыз Эрназар Акматалиевдин дүйнө чемпионатында күмүш байге алышы менен да куттуктайм! Бул жеңишиңер жалпы кыргыз элине чоң кубаныч тартуулады. Элибиз сүйүнүп, жетине албай турган чагы!»,-деди Жапаров.