Коом Садыр Жапаров ноябрдын башында Глазгодо өтө турган климат боюнча саммитке катышат

Садыр Жапаров ноябрдын башында Глазгодо өтө турган климат боюнча саммитке катышат

Президент Садыр Жапаров ноябрдын башында Глазгодо өтө турган климат боюнча саммитке катышат. Бул тууралуу президент «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан маалымат жыйында билдирди.

Ал белгилегендей, саммитте климаттын өзгөрүшүнүн Кыргызстанга тийгизген терс таасири, ошондой эле суу ресурстары, тоо экосистемалары жана башкалар тууралуу сөз болот.

«Өзүңүздөр билгендей, кээ бир инвесторлордун айынан биздин экологияга орду толгус зыян келтирилген. Биз алардын мыйзамсыз аракеттеринин экологиялык кесепеттерин өз алдынча иликтөөгө мажбурбуз», — деди ал.