21 сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жалпы дебаттар жумалыгы ачылат.
Өлкө президенти Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын жалпы дебаттарынын алкагында дүйнөлүк коомчулукка видео кайрылуу жасайт.
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна, 2021-жылкы Ядролук сыноолорго толук тыюу салуу келишиминин күчүнө кирүүсүнө көмөктөшүү конференциясына, Энергетика боюнча жогорку деңгээлдеги диалогго, Ядролук куралды толугу менен жок кылуунун эл аралык күнүндө жогорку деңгээлдеги жолугушууга катышат.
Ошондой эле эки тараптуу жана көп тараптуу диалогду жана кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн БУУнун жетекчилиги жана тышкы иштер министрлери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.