Коом Сүрөт — Айсулуу Тыныбекова 3 эм кызды төрөт үйүнөн тосуп алуу үчүн...

Сүрөт — Айсулуу Тыныбекова 3 эм кызды төрөт үйүнөн тосуп алуу үчүн келди

Бул тууралуу Айсулуу Тыныбекова соцтармактагы баракчасына кыздарга ак батасын жазып калтырган.

«Бүгүн мен үчүн өзгөчө күн болду, анткени төрөт үйүнө мен биринчи жолу барып, үч эм кыздарды жарык дүйнөгө алып келген Бермет эже менен баарлашып өзгөчө сезимдерге чөмүлдүм. Айсулуу, Айпери, Аймээрим сиңдилерим дүйнөгө аттары чыккан, күчтүү, мээримдүү, бактылуу кыздардан болушсун! Наристелерге узун жана маңыздуу жашоону каалайм!»,-деди Тыныбекова.

Үч эм 1 кг 870 гр, 2 кг 160 гр жана 2 кг 170 гр салмак менен төрөлгөн.