Коом Президенттин жылуу жүзү сүйлөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган сүрөтчүнү тынч койгон жок

Президенттин жылуу жүзү сүйлөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган сүрөтчүнү тынч койгон жок

 Чолпон-Ата шаарынын 38 жаштагы тургуну Марат Жакшылыков ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай өзүнүн тубаса өнөрү аркылуу элдин көңүлүн буруп келет.

Мараттын апасы Бурул Бакаева уулу тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди.

«Марат 3 жашка чыкканда сүйлөө мүмкүнчүлүгүнөн ажырап төрөлгөндүгүнө ынандык. Ал кезде уулум жакшы баса да алчу эмес.

Биз анын ден соолугуна кам көрүп, Ак-Суу курортуна алып барып жүрдүк. Ал жакта жашаган туугандарыбыздын үйүнө түнөп калдык.

 Бир бөлмөдө алардын кичинекей кызы сүрөт тартып отуруптур.

 Кыздын жанына барган уулум аны карап, сүрөт тарткандыгына кызыгып калды. Үй ээси уулума кагаз жана калем карматты.

Ага чейин биз бир да жолу колуна кагаз жана калем карматпагандыктан чиймелеп эле отурса керек деп ойлогонбуз.

 Бир учурда үй ээси: «Балаңар сүрөтчү турбайбы» деп, ал тарткан сүрөттү карап суктана калды.

Уулум күчүк жетелеген кызды ушунчалык сонун тарткандыгын көрүп, өзүм да таң калдым. Ошентип үй ээси Мараттын тарткан сүрөтүн катып коёрун, андан келечекте мыкты сүрөтчү чыгарын айтты. Дал ошол күндөн тарта баламдын колунан барак жана калем түшкөн жок.

 Сыналгыдан көргөн мультфильмдердеги каармандарын сүрөтүн тартып, отура берчү.

7 жашынан 16 жашына чейин Бишкек шаарындагы сүйлөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган балдардын мектебинен билим алды.

Учурда үй-бүлөлүү, 2 уулдун атасы.

 Келинчеги Айгүл да сүйлөй албайт.

Марат күн сайын сүрөт тартат. Өзгөчө капалуу болгон учурда бир бөлмөдөн чыкпай калат.

Ал менин кичүү уулум болгондуктан чогуу жашайбыз», — деди ал.

Марат Жакшылыков өзгөчө өнөрү менен үй-бүлөсүн толук түрдө каржылайт.

Буюртмага түшкөн сүрөттөрдү тартып, акча табат. Мындан сырткары өз күчү менен сатып алган унаасы менен такси кызматында да иштейт.

 Анын түркүн-түстүү сүрөттөрү элдин көңүлүн бурганы менен, өзүнө жөнөкөй эле калем менен тартылган сүрөттөрү анын жүрөгүнө жакын.

Ал тарткан сүрөттөрдүн арасында президент С.Жапаровдун да сүрөтү бар.

Өлкө башчынын жылуу жүзү аябай жагып, анан тарткандыгын билдирет. Марат күнүнө бир жолу сүрөт тартмайынча, өзүн абдан ыңгайсыз сезери белгилүү болду.

 Анын колунан жаралган сүрөттөр Чолпон-Ата шаарындагы коомдук жайларда, бала бакчаларда өтө көп.