Президент Садыр Жапаров Сауд Аравия Каролдугуна расмий сапары менен барат, деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Сауд Аравиясынын Кыргызстандагы элчиси Ибрагим Аль Ради менен жолугушуу учурунда.
Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Марипов республика Сауд Аравиясы менен кызматташууну андан ары прогрессивдүү өнүктүрүүгө артыкчылыктуу маани берерин айтты.
Ал ошондой эле келерки жылы эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилей турганын белгилеп, 2022-жылды Кыргызстан менен Сауд Аравия Королдугунун элдеринин достук жылы деп жарыялоону сунуштады. Анын алкагында экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда ар кыл иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Элчи Ибрагим Аль Ради министрлер кабинетинин башчысынын демилгесин колдой турганын билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселесин талкуулады.