Коом Президент Садыр Жапаровдун Стамбулдагы ТМКК саммитинде сүйлөгөн сөзү

Президент Садыр Жапаровдун Стамбулдагы ТМКК саммитинде сүйлөгөн сөзү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда, Түркиянын Стамбул шаарына жакын жердеги демократия жана эркиндик аралында өтүп жаткан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) Саммитине катышууда.

Саммитте мамлекет башчысы сөз сүйлөдү.

Төмөндө Президент Садыр Жапаровдун сөзү:

“Урматтуу Төрага Эрдоган мырза,

Урматтуу коллегалар,

Урматтуу Башкы катчы, айымдар жана мырзалар!

Боордош мамлекеттердин бүгүнкү саммитке катышып жаткан башчылары менен көрүшүп жатканыма чексиз кубанычтамын!

Учурдан пайдаланып, сөзүмдүн башында урматтуу Шавкат Миромонович Мирзиёевди Өзбекстан Республикасынын Президенти болуп кайрадан шайланышы менен чын дилимден дагы бир жолу куттуктайм. Жалпы боордош өзбек элинин мындан аркы өнүгүүсүнө албан ийгиликтерди каалаймын.

Европа менен Азияны бириктирип, тогуз жолдун тоомунда жайгашкан байыркы Стамбулда Түрк мамлекеттеринин башчылары менен кезектеги саммитте жүз келишип, жолугушуп турганыма өтө кубанычта экендигимди чын дилимден билдиремин. Бизди жогорку деңгээлде күтүп алган меймандос түрк элинин улуттук лидери, Түркия Республикасынын Президенти, урматтуу Режеп Тайип Эрдоган мырзага өзгөчө ыраазычылыгымды жолдоймун.

Уюмубузда төрагалыкты алган түрк тарабына зор ийгиликтерди жана үзүрлүү ишмердүүлүктү каалаймын.

Түрк бир туугандарыбыздын Түрк кеӊешинин төрагасы гана эмес, түрк кызматташуусу боюнча бардык уюмдардын кыймылдаткыч күчү катары олуттуу демилгелерди ишке ашырышынан жана маанилүү иш чараларды өткөрөрүнөн биз күмөн санабайбыз.

Ошону менен бирге, урматтуу Ильхам Гейдарович Алиев мырзаны Азербайжан Республикасынын Түрк кеӊешиндеги төрагалыгынын ийгиликтүү аякташы менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын. Азербайжан төрагалыгы маалында ишин мыкты жүргүзүп, биздин мамлекеттер үчүн зарыл болгон демилгелерди жүзөгө ашырды. Ошонун негизинде бүгүн сыйлыкка ээ болдуңуз, сыйлыгыңыз кут болсун.

Түрк дүйнөсүнүн ажырагыс бөлүгү болгон боордош Түркмөнстандын Түрк кеңешине байкоочу мамлекет болуп киришине байланыштуу түрк дүйнөсүнүн биримдигине, ынтымагына өз салымын кошуп келаткан Түркмөнстандын Президенти, урматтуу Гурбангулы Мяликгулыевич Бердымухамедовдун чечимин кубаттайбыз жана бул чечим достуктун жаркын мисалы болгон бүгүнкү күндүн олуттуу кадамы экенин белгилейбиз.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеӊешинин мамлекет башчыларынын 8-саммити – Түрк мамлекеттеринин эгемендүүлүгүнүн, көз каранды эместигинин 30 жылдыгы белгиленип жаткан тарыхый жылда өткөрүлгөнү зор мааниге ээ экенин белгилейм.

Урматтуу мамлекет башчылары,

Мен Түрк кеңешинин ишмердүүлүгүн позитивдүү маанайда белгилейм, анын дүйнөлүк коомчулукта активдүү таанылганын, түрк интеграциясынын эң башкы жана абройлуу платформасына айлангандыгын баса белгилеп кетким келет.

Бүгүнкү күндө ТҮРКПА, ТҮРКСОЙ, Түрк маданияты жана мурасы фонду жана Түрк академиясы натыйжалуу иштеп жатат.

Ошондуктан, Кыргызстан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеӊешинин аталышын “Түрк мамлекеттер уюму” деп өзгөртүлүшүн толук колдойт. Бул чечим Уюмубуздун мындан аркы өнүгүүсүнө, анын эл аралык аренада өз позициясын бекемдөөгө оң таасирин тийгизип, ишмердүүлүк чөйрөсүнүн кеңейишине түрткү берет деген ойдомун.

Ушуга байланыштуу, кыргыз тарабы Казакстандын туңгуч Президенти, урматтуу Нурсултан Абишевич Назарбаевдин демилгеси менен даярдалган «Түрк дүйнөсүнүн көз карашы – 2040» стратегиялык документин толугу менен колдойт, ошондой эле аталган документ түрк дүйнөсүнүн келечектеги артыкчылыктуу багыттарын көрсөтөт жана «жол картасы» катары негизги ролду ойнойт деп эсептейт.

Ошондой эле, Түрк тилдүү мамлекеттердин уюму саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, социалдык-гуманитардык маселелерди талкуулоо менен бирге, өз ара карым-катнашыбызды жана байланыштарыбызды, көп тараптуу мамилелерибизди өркүндөтүүгө чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачып, эл аралык аренада мыкты платформа болуп берет деп ишенебиз.

Азыркы экономикалык каатчылыктан бири-бирибизге жөлөк болуп, бир-бирибизге колдоо көрсөтүү аркылуу гана чыгып кетерибизге ишеничибиз чоң.

Бүгүн биздин колдоого алына турган “Түрк инвестициялык фонду” өз ара экономикалык мамилелерибиздин реалдуу инструментине айланып, эки тараптуу жана көп тараптуу долбоорлорду ишке ашыруунун механизми катары чоң ролду ойнойт.

Биздин мамлекетте түрк уюмдарынын жоктугун эске алып, бул финансылык институтту — Түрк инвестициялык фондун Бишкек шаарында жайгаштырууну ылайык көрөбүз.

Фондду Кыргызстандын борборунда жайгаштыруунун финансылык гана эмес, саясий да мааниси бар. Кыргызстан — Түрк кеңешинин негиздөөчүлөрүнүн бири. Ал эми, биздин Кеңешибиздин негизги документтеринде тең укуктуулукту сактоого жана урматтоого чоң маани берилген.

Андыктан, Түрк инвестициялык фондун Кыргызстанга жайгаштыруу Түрк кеңешинин миссиясына толугу менен жооп берет.

Урматтуу мамлекет башчылары, Сиздерден Кыргызстандын бул багыттагы позициясын колдоп коюңуздарды өтүнөм.

Урматтуу мамлекет башчылары!

Боордош түрк тарабы эл аралык аренада кызуу талкууларды жаратып жаткан «Жашыл технологиялар жана акылдуу шаар санариптик доордо» темасын күн тартибине киргизгенин толук колдойбуз.

Себеби, бүгүнкү күндөгү эң актуалдуу маселелердин бири болуп турган климаттын өзгөрүшүнын шартында жана пандемиядан кийин экономиканы толук калыбына келтирүү үчүн жашыл технологияларды жана санариптештирүү ыкмаларын толук колдонуубуз зарыл.

Кыргызстан үчүн жашыл өнүгүүнүн эң маанилүү тиреги — гидроэнегетиканын потенциалын толук ишке киргизүү деп эсептейбиз.

Кыргызстан кичи жана орто ГЭСтерди куруу боюнча бир катар долбоорлорду ишке ашырууну көздөп жатат. Ушуга байланыштуу кыргыз тарабы энергетикага түз инвестиция тартуу, гидроэлектростанцияларды куруу жана кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү жаатында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар. Кыргыз тарабы бул багытта бардык кызыкдар өлкөлөрдүн катышуусун талкуулоого даяр.

Мен бул маселени Глазго шаарында болуп өткөн

климаттын өзгөрүүсү боюнча дүйнө лидерлеринин Саммитинде да баса белгиледим.

Ошондой эле, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине ыңгайлашуу Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге, аны чечүү — өлкөнүн потенциалын пайдалануу жана региондук кызматташтыкты толук ишке ашыруу аркылуу гана мүмкүн.

Мен Бириккен Улуттар Ассамблеясынын 76-сессиясында тоолуу мамлекеттердин туруктуу өнүгүүсү жана климаттык шарттын өзгөрүүгө тийгизген таасири тууралуу Кыргызстандын позициясын жана демилгелерин жарыяладым.

Кыргыз тарабынын демилгелери боордош түрк мамлекеттери тарабынан колдоого алынарына терең ишеним артам.

Биз күн сайын эмес, саат сайын өзгөрүлүп турган глобализация мезгилин, геосаясий кырдаал жаңы багытка тездик менен өзгөрүп жаткан учурду баштан кечирип жатабыз. Дүйнөнү каптаган COVID-19 пандемиясы заманыбыздын эң опурталдуу кубулушу катары дүйнөнүн өнүгүү тенденциясын, тең салмактуулукту өзгөртүп, анын кесепети жер шарына орду толгус жоготууларды алып келди.

Бул апаат биздин духубузду, түрк дүйнөсүнүн бекем рухун майтара албайт. Кыйын кезеңде Кыргызстанга жардам көрсөтүп, бир туугандыкты билдирген Түрк кеңешинин бардык мамлекеттеринин башчыларына өз элимдин атынан терең ыраазычылык билдиремин.

Урматтуу коллегалар!

Азыркы учурда дүйнөлүк геосаясий кырдаал да курчуп турат.

Бул биринчи кезекте Афганстандагы акыркы айлардагы окуялар менен терең байланышта. Бул жагдай Борбордук Азия өлкөлөрүндө тынчсызданууну жаратууда. Албетте, биз бардык маселелердин тынчтык жолу менен, дипломатиялык диалог аркылуу чечилишин көздөйбүз. Анткени, Афганстанда абал курчуй берсе, Борбордук Азия өлкөлөрүнө да түздөн-түз залакасын тийгизет. Биз үчүн тынчтыктан артык дөөлөт жок.

Учурдагы кырдаалды эске алып, Кыргызстан түрк дүйнөсүнө, жалпы эле эл аралык коомчулукка «Борбордук Азия – тынчтыктын аймагы» деген платформаны түзүү идеясын сунуштайт. Борбордук Азия — демографиялык өнүгүү боюнча дүйнөдө алдыңкы орунду ээлеген аймак. Ата-бабаларыбыз байыртадан тынчтыкта жана ынтымакта жашоонун принцибин, сабырдуулукту жогору баалап келген. Биз аны жаңы кырдаалда ыйык тутуп, биздин аймакты тынчтыктын, бир туугандыктын, ынтымактуу коңшулардын аймагы катары көргүбүз келет. Борбордук Азиянын элдери эзелтен тынчтыкты сүйүп, жанаша жашоонун принциптерин баалай билген.

Урматтуу мамлекет башчылары, ардактуу боордошторум!

Кыргызстан — түрк дүйнөсүнүн ажырагыс бөлүгү. Кыргызстан түрк дүйнөсүнүн ич ара карым-катнашына, бир туугандык байланыштарына мындан ары да активдүү катышат жана түрк мамлекеттеринин интеграциялык процесстеринин өнүгүшүнө бараандуу салымын кошот.

Биздин тарыхыбыз да, тилибиз да бир, ата-бабаларыбыздан керээз калган насаатты ыйык тутуп, мындан ары да биргебиз жана биримдиктебиз.

Биздин күчүбүз – ынтымакта жана биримдикте!

Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат!”