Коом Президент Садыр Жапаровдун парламенттик шайлоодо добуш берүүнүн аякташына байланыштуу кайрылуусу

Президент Садыр Жапаровдун парламенттик шайлоодо добуш берүүнүн аякташына байланыштуу кайрылуусу

Урматтуу кыргызстандыктар!

Борбордук шайлоо комиссиясынын серверинде «сбой» болду, добуштарды уурдады деп ызы чуу салып жаткан партияларга айтаарым: бюллетендерди кол менен санап чыгууга силерге эч ким тоскоол болбойт. Кол менен санап чыккыла. Толук санап чыгып, ар бир нааразы болгон партиялар ынанмайынча бюллетендер эч жака жылбаш керек. Эгер чындап эле БШК жасалма кылган болсо, БШКнын баардык мүчөлөрү жоопко тартылышат. Керт баштары менен жооп беришет. Бийлик тараптан шайлоо процессине кийлигишпегендей эле БШКнын ишине дагы эч ким кийлигишкен жок. Эгер ким кийлигишкен болсо БШКнын мүчөлөрү ачык айткыла. Адамдан коркпогула. Кудайдан корккула!