Саясат Президент Садыр Жапаров элди вакцина алууга үндөдү

Президент Садыр Жапаров элди вакцина алууга үндөдү

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров “Фейсбуктагы” баракчасында жарандарды коронавируска каршы вакцина алууга чакырды. Жапаров эмдөө коронавирустун жайылышын басаңдатууга жардам берип жатканын белгиледи.

“Бүгүн 46 адамда COVID-19 аныкталды, үчөө каза болду. Баары эмдөөдөн өтпөгөндөр экен. Вакцина алыңыздар. Бүгүнкү күндө 1 миллион 16 миң жараныбыз эмдөөдөн өттү. Эмдөөнүн аркасында оору азая баштады”, — деп жазды президент.