Ички иштер министрлиги тарабынан улгайган жарандарга карата камкордук көрүү жана аларга колдоо көрсөтүү максатында иш-чаралар уюштурулууда. Өзгөчө ички иштер органдарынын ардагерлерине көңүл бурулуп жатат.
Эл аралык карылар күнүнүн урматына башталган “Улгайган адамдарга көңүл буруу жана камкордук көрүү” бир айлыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги милициянын ардагерлеринин эмгектерин баалап, аларга сый көрсөтүүдө.
Бул иш-чарага утурлай, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарында жашаган милициянын эң улгайган ардагерине барып келишти. Сексен эки жаштагы ардагер Турусбек Мырзабеков ички иштер органдарындагы коомдук коопсуздук кызматынын багыты боюнча дээрлик башынан аягына чейин иштеген. Ички иштер органдарында 1962-жылдан баштап кызмат өтөй баштаган, милициянын аймактык тескөөчүсү болуп иштеген, сексенинчи жылдардын ортосунда Тоң райондук ички иштер бөлүмүн жетектеген. Андан соң Ички иштер министрлигинин коомдук тартипти камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси болгон. Кызматындагы эмгеги үчүн көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон.
ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн начальниги Нуржан Адылова, инспектор Эркегүл Джунушова жана ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Турсунбек Чалов жогорудагы ардагерибизге жолугушуп, аталган кызматтын кызматкерлери тарабынан чогултулган каражатка алынган белектерди, азык-түлүк продуктуларын тапшырып келишти. Ошондой эле, карыябызга бекем ден соолук жана узун өмүр каалашты.
Милициянын ардагери Турусбек Мырзабеков конокторду жылуу тосуп алып, өзүнүн өмүр таржымалы жана ички иштер органдарындагы кызмат өтөөдөгү жылдары жөнүндө кызыктуу маек куруп берди.
ИИМдин басма сөз кызматы