Саясат Президент прокуратурадан лицензия берүүнү жана энергетика тармагын текшерүүнү талап кылды

Президент прокуратурадан лицензия берүүнү жана энергетика тармагын текшерүүнү талап кылды


Президент тоо-кен тармагындагы аудиттин жыйынтыгы боюнча Башкы прокуратурага текшерүү жүргүзүүнү тапшырды. Бул тууралуу Садыр Жапаров бүгүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, анын тапшырмасы менен кендерге лицензия берүү боюнча аудит жүргүзүлгөн.
«20 лицензияга ээ болгондор бар. Чет элдиктердин арасынан сатып алуучуну купуя издеп отурушат. Кымбат баалуу металл, көмүр, темирге лицензиялар бар”,-деди мамлекет башчысы.
Садыр Жапаров ошондой эле жакынкы эки айдын ичинде энергетика тармагын текшерүүнү тапшырды.
«Айрым абоненттердин карыздарын негизсиз жоюу фактылары бар. Мисалы, абонент бар, бирок ал жерде анын үйү курула элек, фундаменти гана бар, ага миллиондогон акчалар эсептен чыгарылат», - деди ал.